«Биз Индияда эмеспиз, Атамбаев ыйык уй эмес». Түлеев экс-президенттин үйүнүн алдында митинг өткөрүүнү пландоодо

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев фейсбук баракчасында Алмазбек Атамбаевге каршы экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында мөөнөтсүз митинг жана жөө жүрүш өткөрүүнү пландап жатканын жазып чыкты. Учурда резиденцияда Атамбаев өзү жана тарапташтары болууда.

Митинг өткөрүү менен Түлеев Атамбаевдин «аракеттеринин жаңылыштыгын» далилдөөнү каалап жатат. Ошондой эле ал экс-президентти «мыйзам чегиндеги аракеттерге» чакырат.

«Азыркы учурда аны эч ким чакырган жок, камоого аракет кылган жок, эгер керек болсо суракка алууну каалашса ал тергөө органдарына башка жарандар сыяктуу эле келиши керек жана өз көрсөтмөлөрүн бериши керек. Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Өзүн чоң масштабдагы саясатчы катары көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек», — деп айтылат Түлеевдин билдирүүсүндө.

Түлеевдин айтымында, ал жана өлкөнүн башка көңүл кош эмес саясатчылары «Атамбаевдин кыйратуучу аракеттерине карата элдин чыныгы мамилесин көрсөтүүлөрү керек».

«[Атамбаев] конституция менен мыйзамдын бардык нормаларын танат, кайсы бир түштүк спецназы жөнүндөгү фейк ушактарды таркатып аймактар аралык кастыкты жайылтат, курал менен укук коргоо органдарын коркутат жана тарапташтарынын тобу менен калкалайт. [...] Ал өз амбициялары менен кызыкчылыктарын Кыргызстандын элинин жана мыйзамынын кызыкчылыктарынан өйдө коюп, кыйраткыч жолго түшүп алды», — деп жазды Түлеев.

Мурдагы саясатчы «өлкөдө мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылган» штаб түзөөрүн жарыялады.

Түлеев билдиргендей, штаб «эч кандай саясий өңүттү чагылдырбайт» жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгын көздөбөйт. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда бир жылдан ашуун убакыт араздашуу болууда.

«Биз бир гана мыйзамдын так сакталышын талап кылабыз. Штабдын ишмердүүлүгү саясаттан алыс болот», — деп айтты ал.

Түлеев өз билдирүүсүн парламент Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыраткандан кийин жарыялады. Депутаттар муну кылуу үчүн экс-президентке каршы алты айып тагып, ал эми Башкы прокуратура алардын бешөөсүн негиздүү деп тапкан.

Андан кийин Атамбаев журналисттерге спецназдын кызматкерлери келишсе курал колдоноорун айткан. Резиденцияга таштарды төгүшүп, таяктарды алып келишкен. Ошондой эле үйдүн кире беришине бетон тосмолору орнотулган. Бирок Атамбаевдин штабында таштарды курулуш иштери үчүн алып келишкенин билдиришкен. Анткени менен Атамбаев жана тарапташтары да митинг өткөрүүнү пландашууда.

Түлеев жана Атамбаев

Бийлик Түлеевдин мүлкүнүн бир бөлүгүн конфискациялагандан кийин саясатчылар атаандаш болуп калышкан. Түлеевдин Атамбаев президент болуп турган маалдагы бийликке болгон негизги нааразычылыктары ага каршы козголгон кылмыш иштер «саясий» болгону менен түшүндүрүлөт. 2012-жылы ага карата эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, ал 2000-жылдары шаардын мэри болуп турганда автобустарды Бишкекке жогорулатылган баа менен алгандыгы үчүн анын мүлктөрү конфискацияланган.

Түлеев 2016-жылы боштондукка чыккан, бирок бийлик анын мүлктөрүн конфискациялоону уланткан. Ал бул көрүнүштү «рейдерлик басып алуу» деп атап, Атамбаевди аткаминерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранган. Бирок экс-президент эч кандай реакция кылган эмес.

2019-жылы Түлеев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алган депутаттык комиссиянын отурумунда сөз сүйлөгөн.

Ал экс-президент андан шайлоо кампания үчүн 500 миң доллар карызга алганын билдирген. Бирок Атамбаевден акчаны кайтарууну суранганда анын мамилеси өзгөргөнүн айткан.

Ал кошумчалагандай, экс-президенттин командасы «коррупцияга каршы күрөшүүнүн артынан аны тоногон».