ИИМ кээ бир жолдордо ылдамдыкты 110 км/саатка чейин жогорулатууну сунуштады

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: президенттин басма сөз кызматы

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кээ бир эл аралык жолдордогу жүрүү ылдамдыгын 110 км/саатка чейин көбөйтүүнү сунуштады. Азыр айдоочулар айрым трассаларда 90 км/саат ылдамдык менен айдай алышат.

Ведомство уруксат берилген ылдамдыкты 20 километрге чейин жогорулатуу жолдордун «өтмөрмө жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга» жардам берет деп эсептейт.

ИИМдин ою боюнча, эгер жолдо автоунаанын коопсуз жүрүүсү мүмкүн болсо, анда ылдамдыктын жогорулатышына уруксат берсе болот.

«Акыркы жылдары республикада эл аралык маанидеги автоунаа жолдору реконструкцияланган, жолдордун айрым участокторунда өзүнчө жол тосмолору коюлган, карама-каршы кыймыл тилкесине чыгуулардын саны кыскарды», — деп негиздейт өз сунушун ИИМ.

Мындан тышкары, ИИМ өлкөгө коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген жаңы автоунаалар киргизилип жатат деп эсептейт.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр ишке кириши үчүн премьер-министр аны жактырышы керек. Азырынча түзөтүүлөр коомдук талкууда.