Алайдагы өз жанын кыйган жоокердин өлүмү боюнча териштирүү башталды. Маркум тоноого шектелген

Алай районунда 29 жаштагы аскер кызматкери 1-июль күнү таңга маал асынган абалда табылды. Облустук милициядан билдиришкендей, маркум тоноого шектелип иш сотко өткөрүлгөн.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, Гүлчө айылында 30-июндан 1-июлга караган түнү 29-жаштагы жигит өз үйүндө жипке асынып алган.

«Алай РИИБге кабар 1-июль күнү саат 8:30да түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда маркум Гүлчө айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн биринде контрактык негизде кызмат өтөп жаткандыгы аныкталган», — деди Аширбаев.

Милициядан кабарлашкандай, Ош горнизондук аскер прокуратурасы жоокерге каршы май айында «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, ишти шаардык сотко өткөрүп берген. Аскер кызматкери телефон тоноого шектелген.

Окуя Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталды. Укук коргоо органдары маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.