«Бишкекте митингдер кереги жок». Мэр акимиаттарга калкты нааразычылык акцияларга чыкпоого чакырууну тапшырды

Алмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде. Сүрөт: Александра Титова

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов райондук администрацияларга жергиликтүү аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, үй комитеттер менен биргеликте калкты митингге чыкпоого чакырууну тапшырды.

«Кандай саясий окуялар болуп жатканын көрүп жатасыңарбы? Ошондуктан, эмгек жамааттарда, алар саясатка аралашпай чарбалык маселелердин үстүндө иштеши үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бишкек шаарында туруктуулук керек экени тууралуу калк менен сүйлөшүү өткөрүш керек, Бишкек шаарында митингдер кереги жок», — деди Суракматов.

Бул билдирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекке жакын болгон Кой-Таш айылындагы резиденциясында чогулуп жаткандын шартында айтылды.

Тарапташтарынын чогулушуна Атамбаевдин кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратылышы себеп болгон. Атамбаев өзү Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүн тааныбайт, бирок дал өзү мураскери Кыргызстандын президенти болушу үчүн көп күч жумшаган.

Атамбаев 3-июль күнү «Медиафорумдун» алдына «эски элитага» каршы тынчтык митингин өткөрүүнү пландоодо.