Милиция Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысын издеп жатат — ал үй-бүлөсү менен дайынсыз жоголуп кеткен

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарытынын жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин дайынсыз жоголуп кетиши тууралуу билдирүү 30-июнда пайда болгон.

Анын кызы Индира билдиргендей, атасы менен апасы, иниси жана алардын небереси Суусамыр өрөөнүнө 30-июнда чыгып кеткен. Алар акыркы жолу Нарын облусунун Жумгал районунда жүргөндө байланышка чыгышкан.

«Алар “Ниссан Террано” маркасындагы автоунаа менен жүрүшкөн. Акыркы сүйлөшүүдөн кийин байланышка чыкпай калышты. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», — деп айтып берген кыз «Турмуш» басылмасына.

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев «Спутник» басылмасына маалымдагандай, Абдылдаевдин машинасы дарыяга түшүп кеткен болушу мүмкүн.

«Биз алар табылышат деп катуу үмүттөнөбүз. Баарыбыз кабатырланып жатабыз. Молдакун Абдылдаев профессионал жана жакшы адам. Бизге Жумгал районунун бийлиги жардам берип жатат, анткени окуя Нарын облусундагы чек арасында жүз берген», — деди Намазалиев.

Абдылдаевдин жоголушунан улам ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында ыкчам штаб түзүлгөн, издөөгө аскерлер менен жергиликтүү тургундар да тартылган.

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, 30-июнда Жайыл районунун милиционерлерине Көкөмерен дарыясына машинанын түшүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Бирок милициядан автоунаа жоголуп кеткен Абдылдаевге таандык экендигин ырасташкан жок.