Ош шаарынын тургундары таза суу маселесин чечүүгө жумшалган 46 млн сомдун сарпталышын териштирүү үчүн кол топтоп башташты

Ош шаарынын тургуну Максат Жорокулов өзүнүн фейсбук баракчасына 2-июлда 2016-жылы 46 млн сомго калаанын «Достук» аймагына орнотулган резервуар боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн жашоочуларды УКМКга даярдаган арызына кол коюп кетүүгө чакырган пост жарыялады.

Төмөнкүдөй мазмунда арыз менен кайрылсакбы? Кимдер макул? Кимдер арызга кол коём десе байланышып келип кол коюп...

Posted by Адвокат Максатбек Мергенбаевич on Tuesday, July 2, 2019

«Ош шаарында таза суу маселеси боюнча көптөгөн каражаттар сарпталарын билебиз. Бирок, Ак-Буура дарыясы жамгырдан ылайлангандан кийин суунун өчүрүлүүсү токтогон жок. Резервуардын курулушуна сарпталган акчанын жумшалганы боюнча тиешелүү мекемелерди текшерүүңүздөрдү суранабыз», — деп жазган Жорокулов.

Ал жергиликтүүлөрдү да арызга кол коюп кетүүгө чакырган. Анын постуна ондон ашуун фейсбук колдоонучу комментарий калтырып, демилгени колдоого алышаарын билдиришкен.

Мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шумкар Пайзиев 2016-жылы курулган резервуар Ак-Буура дарыясын жамгырдан кийин тазалоо максатында эмес, айылдарга жана көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарына таза сууну жеткирүү максатында курулганын «Клоопко» билдирди.

Ал дарыя сел жүргөндө булгангандыктан, маселени чечүү максатында 243 млн сомдү түзгөн долбоор даярдалып жатканын айтты. 

«Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Ак-Буура дарыясын 90 пайызга сегиз өрөөндөн түшкөн сел булгайт экен. Ошондуктан аталган аймактарда дарыянын суусун түтүк аркылуу алып өтүүнү пландап жатабыз. Ак-Буурадан баштап Төлөйкөндөгү суу тазалоочу кампага чейинки 2200 метр аралыкка түтүк тартылат. Селдин суусу кампага келген сууга кошулбай калат», — деп ишендирди Пайзиев.

«Ош шаарына үзгүлтүксүз ичүүчү суу берилет»

2016-жылы 16-мартта Ош шаарынын «Достук» аймагында сыйымдуулугу 6 миң м3 суу кампасынын ачылышы болуп өткөн. Анын курулушу 2014-жылы башталып, 46 млн сом сарпталган.

Резервуардын ачылыш аземине ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана экс-мэр Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн ошол учурдагы Ош облусундагы өкүлү, азыркы шаар мэри Таалайбек Сарыбашов катышкан.

«Жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында Ак-буура дарыясынын суусу булганып, калаада ичүүчү суу токтоп калган учурлар болот. 2014-жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда жасаган аракеттерибиз өз жемишин берип [...] жаңы суу кампасын пайдаланууга берип жатабыз. Быйылкы жылы таза суу маселеси толугу менен чечилип, Ош шаарына үзгүлтүксүз ичүүчү суу берилет», — деп убадалаган Кадырбаев.