«Тез арада бошотуш керек» — сегиз эң ири укук коргоо уюму Азимжан Аскаровду бошотууну суранды

Азимжан Аскаров. Сүрөт: ЖАМКтын басма сөз кызматы

Cегиз эң ири укук коргоо уюмдун, алардын ичинде Amnesty International, Human Rights Watch, Frontline Defenders жана башка уюмдардын укук коргоочулары жалпы катын Евробиримдиктин коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерике Могериниге жолдошту.

Алардын каты европалык саясатчыга багытталган. Алдыда Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Евробиримдик өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Алардын жолугушуусу 7-июлда Бишкекте өтөт.

Укук коргоочулар кайрылуу катында өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ден соолугунун начарлашына кабатыр болуп жатышканын билдиришкен. Алар Могериниден Аскаровду бошотуп, дарыланууга башка өлкөгө коопсуз алып чыгып кетүү үчүн аны коргоо боюнча сөз сүйлөөгө чакырышууда.

«Аскаровдун ден соолугунун абалы кыйла начарлады. Ал абдан арыктап кеткен, дайыма жөтөлөт. Кээде анын энтиккени басылбай калат. Азимжан буттары тоңуп жатканына даттанууда, байпак да, бут кийим да, жылытуу да жардам бербей жатат», — деп билдиришти укук коргоочулар Аскаровдун адвокатына таянуу менен.

Абактын кызматкерлери күн сайын анын камерасын текшерүү үчүн узак убакытка туруп турууга мажбурлашат.

«Биз силерди Аскаровдун эркиндикке чыгышына, ага азыр зарыл болгон тез арада медициналык жардам алышына жана өз үй-бүлөсү менен кайра биригүүгө көмөктөшүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга чакырабыз», — деп кайрылышты укук коргоочулар Могериниге.

Аскаровго чыгарылган өкүм

Аскаров — этникалык өзбек, Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон. 15-жылдан бери өзүнүн «Аба» укук коргоо уюмун жетектеп келген.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигине Аскаровдун ишин кайра карап чыгып, камактан бошотууга кеңеш берген. Бул кеңеш жарым-жартылай аткарылган, бирок иш кайра каралгандан кийин Чүй облустук соту укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган.

Ошондон кийин БУУнун Адам укуктары боюнча улук комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн Чүй облустук сотунун укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин чечимине «тикелей карама-каршы келээрин» айткан.

Аскаровдун жактоочулары укук коргоочуга коюлган айыптар негизсиз экенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Окуя болгон жерде Аскаров жок болгонун күбөлөр ырасташкан. Ошондой эле укук коргоочу кыйноого алынганын жана иликтөө иштери процессуалдык эрежелердин одоно бузулушу менен коштолуп атканын анын адвокаттары билдирген.