Токмок: Үйлөнүү тойдо тамак-аштан 93 адам ууланды

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, тамак-аштан массалык уулануу 29-июнда Токмокто өткөн үйлөнүү тойдо болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, салтанатка 256 адам чакырылып, алардын 93ү жардам сурап кайрылышкан.

«Биринчи белгилер 1-июль күнү эртең менен пайда болгон. Үйлөнүү тойго келгендердин көпчүлүгү кыңкыстоону сезишип, кээ бирөөлөрдүн жүрөктөрү айланып, кусуп, диарея болуп, температуралары Цельсия боюнча 38-40 градуска чейин көтөрүлгөн», — деп билдиришти ведомстводон.

Кайрылгандардын баарынын ичинен 39 адам госпиталга жаткырылып, калгандары үй-бүлөлүк врачтын көзөмөлү алдында амбулатордук дарылоого коё берилген. Жабыркагандардын арасында14 жашка чейинки балдар да бар.

Тамак-ашка уулангандардын абалы «орточо оордук» деп бааланууда. Азыр мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тергөө жүргүзүп жатат, тамак-аштардын, жууп тазалоочу суунун калдыктары иликтөөгө алынды.