Сот системасынын экс-куратору Арабаев Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берди

КТРК мамлекеттик телеканалы 2-июлда атайын репортаж жарыялап, анда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. Раиса Атамбаева — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы.

Арабаевдин айтымында, 2016-жылы «БЛС» курулуш фирмасынын иши боюнча соттук териштирүүнүн айынан Раиса Атамбаева «көшөрүп», «бир нече жолу» жолугушуу тууралуу суранган.

«Жолугушуулардын биринде анын баласы Раис болгон. Алар экинчи инстанциядагы сотто соттук иштин чечимине жардам берүүнү суранышкан. Ал [Атамбаева] [“БЛС” фирмасынын] ишин чечүүгө тиешеси бар белгилүү бир адамдарды кабыл алуу тууралуу көшөрүү формасында суранып, СМС жазган», — деди Арабаев.

Ал Атамбаевдин жубайы «судья Жаркеевага тийишпей коюуну суранганын» кошумчалады. 24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, сөз Бишкектин Свердлов райондук сотунун экс-төрайымы Эльвира Жаркеева тууралуу болуп жатат.

Арабаевдин айтымында, «Раиса Атамбаевадан кутулуш үчүн» айрым тапшырмалар УКМКнын Алмаз Мааткасымов аттуу кызматкерине берилген. Бирок кандай тапшырмалар туурасында сөз болуп жатканы сюжеттен түшүнүксүз.

«Жолугушуулар таңулоо менен өткөнүн өзгөчө баса белгилегим келип жатат. Алар Атамбаевдин жубайы тарабынан жөнөтүлгөн СМСтер менен коштолуп турган», — деп билдирди Арабаев.

Ал акыркы жолугушууда Бектурсун Айталиев аттуу киши коркутканын айтты. Сюжеттин авторлору болсо Айталиев Раиса Атамбаеванын тууганы деп ишендиришүүдө.

Мындан сырткары, телеберүүнүн авторлору мурдагы президенттин жубайы соттордун ишмердүүлүгүнө таасир эткен деп айтышууда. Анын натыйжасында кытайлык инвесторлор Бишкекте курган көп кабаттуу үйүн соттон уттуруп, ээлик кыла албай калышкан дешет журналисттер.

УКМК Манас Арабаевди 2-июнда камакка алган. Тергөө аны «кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга» тиешеси бар болгонун аныктаган. Анын натыйжасында «чет элдик инвесторлордун объекттерин рейдерлик басып алуу» орун алган дешет ведомстводон.

Арабаев Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда соттук реформага жооп берген. Ошондо эле аны судьяларга басым көрсөтүүгө айыптап башташкан.