Чек ара кызматы: Ак-Сайда тажикстандык жергиликтүү тургунду сабап, окуя болгон жерден изин жашырды

Кыргызстандын чек ара кызматынан маалымдашкандай, Баткендин Ак-Сай айылында 3-июлда Тажикстандын жараны кыргызстандыкты ур-токмокко алган. Жабырлануучу башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

«Тажикстандын жараны Ак-Сай айылынын чыга беришинде жайгашкан газ куюучу бекеттин ээсин ур-токмокко алды. Ал 55 жаштагы кыргызстандыктан Тажикистандын жарандарына газ сатпоону талап кылган», — деп билдирди «Клоопко» чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Бөрүбаева жабырлануучу Самаркандек айыл өкмөтүнүн ооруканасына жаткырылганын кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы туурасында маалымат бере элек.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Тажикстандын жараны окуя болгон жерден Исфара районун көздөй кетип жашынган. Буга нааразы болгон Ак-Сайдын тургундары Исфара — Ак-Сай — Ворух жолун жабышкан.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрү жолугушкандан кийин жол 4-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында ачылган.

Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Дамира Юсупова чыр-чатакта бекеттин ээсинен сырткары, 25 жаштагы уулу да тепкиге алынганын айтты. 

Бул фактылар Баткен РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Тажикстан бийлигинин аталган окуя боюнча версиясы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы чыр 2019-жылдын мартында күчөгөн. Анда тажик тарап кыргыз бийлигинин Ак-Сай — Тамдык жолун куруп жатканына нааразы болгон. Жашоочулар ортосуна кагылышуу орун алган. Ар бир тарап жол курулган аймакты өзүнүкү деп эсептейт.

Ал учурда тажик бийлиги чырдын кесепетинен эки жараны каза тапканын жана 18 адам жарадар болгонун билдирген. Кыргыз тарап үч киши жарадар болгон деп маалымдаган.