Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысынын небересинин денеси табылды

Молдакун Абдылдаев

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 4-июлда куткаруучулар Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин небересинин денесин табышкан.

Эки күн мурда Абдылдаев менен анын айдоочусунун денелери табылган. Дарыяга түшүп кеткен машинада Абдылдаевдин уулу жана аялы бар болчу деген маалыматтан улам издөө иштери дагы деле уланууда.

30-июнда Абдылдаевдин кызы Индира билдиргендей, атасы менен апасы, алардын небереси жана байкеси болуп Суусамыр өрөөнүн көздөй чыгып кетишип, бирок көп өтпөй байланышка чыкпай калышкан.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, айдоочу унааны башкара албай тоого сүзүлүп, андан кийин машина дарыяга кулап кеткен.