Жалал-Абаддын мэри тарабынан сабалды делген тургун тосмо арыз жазды

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев тарабынан ур-токмокко алынды делген тургун 5-июлда милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Бир катар ЖМКлар 4-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн жергиликтүү тургун арыз жазганын жазып чыгышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, «Тагай Бий» мончосунда 3-июлга караган түнү чыр чыгып, Тагаев тургунду сабаган.

Окуя болгон күнү «Малина ТВ» ютуб каналы тасма жарыялап, анда шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Кулмамат Капаров сабалды делген тургун жардам сурап кайрылганын тастыктап берген.

«Бизге 1987-жылы туулган тургун келип кайрылган. Бейтаптын жана туугандарынын айтымында окуя шаардагы «Тагай Бий» мончосунун жанында болгон. Аны өзүнүн таанышы урган экен», — деп айткан Капаров.

Мэр тарабынан ур-токмокко алынды делген тургундун апасы Уркуя Эркинбаева менен «Клооптун» журналисти байланышканда, «эркектер мушташат да» деп окуя тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков шаар башчысы тургунду сабады деген маалымат жалган экенин айтып, Тагаевди каралоо аракети жүргөнүн билдирди.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, аталган окуя дарыгердин билдирүүсүнүн негизинде 3-июлда «Бейбаштык» беренеси менен каттоого алынган. Андан көп өтпөй укук коргоо органдарына шаар тургуну өзү кайрылып Мураталы Тагаев аттуу кишинин үстүнөн арыз жазган.

Бирок басма сөз катчы 4-июлда арыз мэрге каршы жазылдыбы же жокпу тергөөнүн жүрүшүндө билинээрин айткан. «Клооптун» журналисти 5-июлда Жээнтаевге кайрадан байланышканда, мэр тарабынан сабалды делген тургун тосмо арыз жазганын кабарлады.

«Иликтөө иштеринде шаар мэринин урганы далилденген эмес. Бардык күбөлөр суралып фактыны тастыкташкан жок. Арыз ээси мончо мэрдин туугандарына таандык экенин угуп, ачуу үстүндө милицияга кайрылганын айтып, арызынан баш тартты», — деп билдирди Жээнтаев.