Бишкекте тартылган Райым миллиондун портреттерин мэрия «вандализм» деп атады

Бишкекте белгисиз адамдар коррупцияга каршы кампания башташып, бир нече имаратка «Уурда» жазуусу менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун портреттерин түшүрүштү.

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев активисттердин аракеттерин «вандализм» деп атады. Ал кошумчалагандай, мэрия эки жакты тең колдобойт — Матраимовду да, активисттерди да.

«Маммекемени бузуп эмне кереги бар? Мындай болбойт. Мэриянын негизги позициясы ушундай. Ким кимге каршы чыгып жатканы бизди кызыктырбайт. Биз чарбачыбыз да, саясатчы эмеспиз. Биз эч кимди коргоп жаткан жокпуз, бизге шаар гана кызык», — деп айтты аппарат башчысы.

Ал Бишкектин милициясы Матраимовдун портреттерин имараттарга тартып кеткендерди издейт деп билдирди. Анын айтымында, активисттер коррупцияга каршы күрөшүү үчүн башка ыкмаларды колдонушу керек.

Буга чейин Түлөбаев билдиргендей, шаар кызматтарына маммекемелерден портреттерди өчүрүү тапшырмасы берилген. Жеке менчик үйлөрдүн ээлери бул портреттерди өз күчтөрү менен өчүрүшү керек.

«Муниципалдык, жеке менчик имараттарга негиздөөчүлөрдүн уруксаты жок тартылган бардык сүрөттөр мыйзамсыз. Ал жерде “Жашасын Кыргызстан!” деген жазуу болсо да болбойт, буга да тыюу салынган жана бул мүлктү бузуу болуп эсептелинет. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана өз идеяларын түшүндүрүүнүн башка ыкмалары бар. Биз шаарды ошол эле жарнама плакаттарынан тазалоого аракет кылып жатканыбызды көрүп жатпайсыңарбы», — деди Түлөбаев.

Райымбек Матраимовго каршы кампания социалдык тармактарда июнь айында башталган. Парламенттин экс-депутаты Ширин Айтматова Матраимовдун портрети менен трафареттерди жасап, бул сүрөттөрдү футболкаларга түшүргөн. Ошондой эле «Раимимеет нас» жана «Раим матросит нас» деген слогандар ойлоп табылган.

Бул кампания башталгандан кийин Айтматова твиттерде ага жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жатканын жазган. Бирок ал кийинчерээк жазгандарын өчүрүп салган.