Атамбаев ИИМге суракка чакырылды

Сүрөт: Назгүл Мамытова

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылды.

«Милиция кандайдыр бир кагаздарды алып келиптир. Мындан кийин да милиция алып келеби, прокуратура алып келеби же УКМК алып келеби, биз мындай кагаздарды дароо менин укук боюнча өкүлүмө — Слесарёв Сергей Михайловичке беребиз. [...] Азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлап баштамайынча мен булардын оюндарын ойногум келбейт. Азырынча булардын эрежелери — бул [Сооронбай] Жээнбеков менен Матраимовдордун эрежелери да», — деди Атамбаев.

Атамбаев суракка 9-июлда келиши керек.

Бул Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болууда. Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн парламент аны артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен ажыраткан.

Буга жооп кылып мурдагы президент өзүнүн Кой-Таш айылындагы резиденциясында Элдик штабды чогулткан. Атамбаев ошондой эле өкмөттүн отставкасын жана парламенттин таралышын талап кылган. Анын тарапташтары бул талаптарды аткаруу үчүн Жээнбековго эки ай убакыт берип, эгер алар аткарылбаса митингдер менен коркутушкан.