Милиция нигериялыктын токмоктолушу тууралуу иш боюнча күбөнү суракка алды

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, шектүү адам менен Нигериянын жараны Али Абубакардын ортосунда жаңжал башталганда, ал дос кызы менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жаткан.

Кыздын айтымында, досу ага ГУМ соода борборунун айланасындагы аймакты көрсөтүп жатканда адепсиз сөздөр угулган. Шектелген дос кызына «чет өлкөлүк бирөө» аны сөгүп жатат деп түшүндүрүп берген.

«Мен ага көңүл бурбай эле өз жолуң менен кете бер деп кеңеш бердим, ал мен айткандай кылган», — деп айтып берген күбө.

Күбө жаңжалдашкан тараптар ЦУМдун имаратынын алдында кайрадан айтышып кетишкенин билдирген. Кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, Абубакар аны телефонго тартып жатат деп ойлоп дагы нааразы болгон.

«Так кесе айта алам, [досум] белгисиз адамга, кийин белгилүү болгондой Нигериянын жаранына, анын улутуна же расасына карата кемсинте турган жана орой сөздөрдү айткан эмес», — деди шектүүнүн дос кызы.

Буга чейин Абубакардын токмоктолушу тууралуу иш боюнча кармалган жаран да ушундай эле көрсөтмө берген. Ал айтышып кеткенден кийин чет өлкөлүктү сокконун айткан.

Абубакардын өлүмү

Али Абубакарды 2-июль күнү Бишкектин борборундагы ЦУМдун имаратынын алдында токмоктоп кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, кийинчерээк комага түшүп калган. Эки күн өткөндөн кийин дүйнөдөн кайткан.

Анын өлүмү коомдук резонанс жаратып, азыр иштин тергөөсү ички иштер министри Кашкан Жунушалиевдин жеке көзөмөлүндө.

Али Абубакар 34-жашта болчу, ал Бишкекте англис тилин үйрөнүү боюнча мектептин директору болуп иштеп жаткан.