Атамбаев ИИМге суракка келген жок

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 3-июлунда Бишкекте болуп өткөн митингде. Сүрөт: RFE / RL

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 9-июль күнү эртең менен ИИМге суракка келген жок. Анын адвокаты Сергей Слесарёв Атамбаевдин келбешин милициянын чакыруу кагазы «мыйзамсыз» болгондугу менен түшүндүрдү.

«Алмазбек Атамбаевди так кайсы эпизод боюнча чакырып жатышкандыгы чакыруу кагазынде көрсөтүлгөн эмес. Азиз Батукаевди бошотуу тууралуу иш боюнча деп божомолдой гана алам», — деп келтирет адвокаттын айткандарын 24.kg.

Адвокаттын айтымында, Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратып «конституцияны бузушту» — ал жакта парламенттин буга укугу бар деп жазылган эмес.

Ал кошумчалагандай, мурдагы президент бул артыкчылыктарга 2003-жылдагы мыйзам боюнча ээ, ал эми 27-июндагы парламенттин токтому 2019-жылдын 15-майындагы документтин редакциясына негизделген. Конституцияга ылайык, мыйзам кайтарым күчкө ээ эмес.

Атамбаевди суракка күбө катары 8-июлда чакырышкан. Анын резиденциясына ИИМдин чакыруу кагазын жеткиришкен. Атамбаев муну «оюн» деп атаган. Анын пикиринде, бийлик мыйзамдарды бузуп «[Сооронбай] Жээнбеков менен Матраимовдордун эрежелери» боюнча ойноп жатат.

Мурдагы президентти парламент аны кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыраткандан кийин суракка алууну чечишкен. Депутаттар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна, жерлерге мыйзамсыз ээлик кылууга жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан.

Буга жооп кылып мурдагы президент өзүнүн Кой-Таш айылындагы резиденциясында Элдик штабды чогулткан. Атамбаев ошондой эле өкмөттүн отставкасын жана парламенттин таралышын талап кылган. Анын тарапташтары бул талаптарды аткаруу үчүн Жээнбековго эки ай убакыт берип, эгер алар аткарылбаса митингдер менен коркутушкан.

Бул Атамбаев менен мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы бир жарым жылга созулган араздашуунун шартында болууда.