Ысык-Көлдө жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Унаалардын бирөөсүн депутаттын уулу башкарган болушу ыктымал

Сүрөт: «АКИпресс»

Ысык-Көл ОИИБи маалымдагандай, 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынын жанында жол кырсыгы катталган. BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus ES менен кагылышкан.

Экинчи автоунаада бараткан үч адам мүрт кетип, дагы бирөө ооруканадан каза болду. Жол кырсыгынан BMW X7 машинасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жапа чеккен эмес.

Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып маалымдагандай, BMW X7 унаасы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго катталган, ал эми анын атасы — парламенттин депутаты Алиярбек Абжалиев. Ал президент Сооронбай Жээнбековго куда экени белгилүү.

«Азаттык» басылмасы маалымдагандай, алардын редакциясына жол кырсыгынан каза болгондордун туугандарынан даттануулар келип түшкөн. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери тарабынан «автоунаадагы видеолор өчүрүлүп, окуяны бурмалоо аракети көрүлүп жатат».

«АКИпресс» басылмасы да Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыкка кабылган деп жазган. Журналисттердин маалыматтарына ылайык, жол кырсыгынан кийин Токобековду Бишкектеги ооруканага жөнөтүшкөн.

«Клооптун» журналисттери Алиярбек Абжалиев жана анын уулу менен байланыша алган жок.