Бишкектин четиндеги Восточный айылында чыккан чыр-чатак. Эмне белгилүү?

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Турмуш»

Kaktus.Media басылмасы 11-июлда укук коргоо органдардагы өз булактарына таянып Чүй облусундагы Восточный айылында төрт тургундун катышуусундагы мушташ болгонун жазып чыкты.

Журналисттердин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чүй облусунун, Кемин жана Токмок райондорунун ИИБинен милиционерлер чыгып кетишкен. Басылма окуяга күбө болгондорго таянып коңшу жайгашкан Искра айылындагы адамдардын чогулгандыгын маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айылда төрт адам мушташып кеткен. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы жаңжал суунун айынан чыкканын «Клоопко» билдирди.

«Бир тургун короосун таза суу менен сугарып жатканда анын кошунасы андай кылбоосун талап кылган. Алардын ортосунда кайым айтышуу орун алып, мушташка айланып кеткен», — деп айтышты милициядан.

Укук коргоо органдарынан Искра айылында элдин чогулганы тууралуу маалыматты четке кагышты.

«Биз муну эл жыйылды деп айтмак эмеспиз. Кечээки окуяда милициянын кызматкерлери коомдук тартипти сактоону камсыздап беришти. Жаштардын, тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Искра айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Болбаев Восточный айылында абал тынч болгонун «Турмуш» басылмасына билдирди.

«Айылда биринин чарбагына мал кирип же сугат суу талашып кеткен уруш-талаштар боло берет эмеспи. Кечээ тургундар чогулуп, нааразычылыктарын билдиришти. Биз маселени жөнгө салдык. Милиция кызматкерлери айылды түнү менен күзөткө алышты. Бүгүн абал тынч», — деди ал.

Мушташтын айынан 66 жаштагы жергиликтүү тургун менен анын уулу жана арачалоого аракет кылган күбө жабыр тарткан. Милиция аталган фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Милиция тергөөнүн натыйжасында эки адамды камакка алды. Алардын бирөөсү изоляторго киргизилип, экинчиси ооруканада күзөтчүнүн кайтаруусунда жатат.