Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысынын жубайынын денеси табылды

Куткаруучулар Тинатин Шадыканованын денесин 10-июлда Арал айылынан бир нече километр алыстыкта Көкөмерен дарыясынан табышкан. ӨКМ Молдакун Абдылдаевдин уулунун денесин издөө иштерин улантып жатат.

ӨКМдин кызматкерлери Абдылдаевдин 4 жашар небересинин денесин 4-июлда, ал эми Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун денесин 2-июлда табышкан.

30-июнда Абдылдаевдин кызы Индира билдиргендей, атасы менен апасы, алардын небереси жана байкеси болуп Суусамыр өрөөнүн көздөй чыгып кетишип, бирок көп өтпөй байланышка чыкпай калышкан.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, айдоочу унааны башкара албай тоого сүзүлүп, андан кийин машина дарыяга кулап кеткен.