«Хомлайндын» 20 миңдей абоненти интернетсиз калды

«Хомлайн» интернет провайдеринин өкүлдөрү «Клоопко» билдиришкендей, алардын абоненттеринде жогорку «Элкат» провайдеринде 14-июлда болгон авариядан улам интернетке туташууда кыйынчылыктар жаралууда.

«Биздин инженерлер бузулууну бир нече жолу оңдошкон. [...] Бул болжол менен 15-20 миң абоненттерибизге кедергисин тийгизди», — деп айтты «Хомлайндын» өкүлү.

Интернеттин жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр 15-июлда да уланган. Компаниядан айтып беришкендей, ага үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү булагы өчүп калгандын айынан компаниянын жабдыктары электр энергиясыз калып калганы себеп болгон.

«Хомлайндын» өкүлүнүн баамында, «Кыргызстандын жарымы» инткернетке жеткилик ала албай калган. Бирок, башка интернет провайдерлердин абоненттери азырынча байланыш үзгүлтүккө учурап жатканына даттаныша элек.

«Дизель» онлайн форумунун колдонуучулары «Хомлайндын» интернетинде гана көйгөйлөр болуп жатат деп жазып чыгышкан. Алар провайдердин техникалык колдоосу менен байланышка чыгуу кыйын болуп жатканына нааразы болушкан.

15-июлдун саат 17:50гө карата «Хомлайндын» абоненттери дагы деле байланыш көйгөйлөрүнө даттанышууда.

«Хомлайндан» түшүндүрүшкөндөй, компаниянын телефондук серверлери «Элкаттын» дата борборунда жайгашкандыктан, алар өз колдонуучуларына техникалык колдоо көрсөтө алышкан эмес. «Хомлайндын» өкүлүнүн айтымында, алардын дата борбору электр тогу жок калган.

«Элкаттан» 15-июлда жабдуунун кайра бузулгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты. «Авария болгон, бирок аны 14-июлда, саат 16:00гө чукул чечишкен. Бизде азыр мындай көйгөйлөр жок. “Элкаттын” кардарларынан да даттануулар жок», — деп билдиришти компаниядан.

«Хомлайндын» өкүлү убадалагандай, интернет жок болгондун айынан өз кардарлары үчүн абоненттик төлөмдү кайра эсептеп беришет — бул үчүн абоненттер техникалык колдоого кайрылышы керек.