Мурдагы экономика министри Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалы

Олег Панкратов

Президенттин басма сөз кызматы 16-июлда маалымдагандай, мурдагы экономика министри Олег Панкратов Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Панкратов экономика министрлиги кызматынан анын ведомствосунун сынга алынышынын шартында 2019-жылдын май айында кеткен. Парламенттин депутаттары анын жетекчилиги алдында Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестициялардын саны азайган деп билдиришкен.

Ошондой эле, парламентарийлер Панкратовду тамеки компанияларынын кызыкчылыктарын сүрөгөндүгү үчүн сынга алышып, анын экинчи паспорту бар деп айтышкан.

Анын экономика министрлиги кызматына дайындалышы да депутаттар тарабынан сынга алынган. Анда алар Панкратов экономика министринин кызматын ээлегенге моралдык укугу жок, анткени анын айынан кыргыз бизнесмендери Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүдө чоң чыгымдарды тартышкан деп айыпташкан.