Эми «балага сүйүнчү» төлөмүн эки күндө алса болот

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева эми бала төрөлгөндүгү үчүн бир жолу берилүүчү 4 миң сомдук төлөмдү эки күндүн ичинде алса болоорун «Азаттыкка» айтып берди.

Эми ата-энелерге банктагы атайын эсеп, жашаган жеринен маалым кат жана башка документтер чогултуу керектелбейт. Мурда бала төрөлгөндүгү үчүн сүйүнчү пулду алуу процесси бир нече аптага созулуп кетчү.

Кадыралиева билдиргендей, төлөмдөрдүн тездетилиши маморгандар ортосундагы маалымат алмашуунун автоматизациясынын аркасы менен мүмкүн болуп калды.

«МККдан биздин базага маалымат келип түшкөндө, райондук башкармалыктар каражаттарды банкка которушат, ал эми банк СМС аркылуу арыз ээсине билдирет, ал өз кезегинде паспорт менен келип, каражаттарды алат», — деп түшүндүрдү ал.

Ымыркай төрөлгөнү үчүн сүйүнчү төлөп берүү жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.