Атаханов сурак берээр алдында ооруканага жеткирилди

Сүрөт: Акипресс

Укук коргоо органдарынан «Клоопко» билдиришкендей, 18-июлда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду сурак башталаар алдында ИИМдин имаратынан тез жардам алып кеткен.

Бирок Kaktus Media басылмасынын маалыматы боюнча, тергөөчү Атахановго тез жардамды сурак учурунда чакырган.

Атаханов ушул жылдын май айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иштин жандандырылышынан кийин кармалган. Бийлик Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылдын жазында жандандырган.

Кылмыш иши жандандырылгандан кийин милиция бул иш боюнча чечим чыгарган судьяны, врачтарды жана прокурорду кармаган.

Батукаевдин иши Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн себептердин бири болуп калышы мүмкүн. Тергөөнүн жүрүшү менен кошо анын атаандашы президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш ишине тартууну мүмкүн кылган мыйзамга кол койгон. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуу бир жылдан ашык убакыттан бери созулууда.