Өкмөт футболчулардын Азия Кубогундагы ийгилигинен улам спорт боюнча машыктыруучулардын маяналарын жогорулатты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Гульжан Турдубаева / RFE / RL

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1500 машыктыруучу менен спорт мекемелеринин 400 кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүнү тапшырды. Машыктыруучулардын маяналары 50 пайызга, ал эми спорттук кызматкерлердики 20 пайызга жогорулатылат.

Өкмөт маяналарды «спортту өнүктүрүүдө чоң секирик жасалгандыгы» үчүн көтөрүүнү чечкен. Өзгөчө Кыргызстан курама командасынын футболчуларынын 2019-жылдагы Азия Кубогундагы жана кыргыз спортчуларынын 2018-жылдагы Азия оюндарындагы ийгиктери эске алынган.

«Бул эмгекти баалап, Кыргызстандын өкмөтү машыктыруучуларды жана спортчуларды эл аралык аренада жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүгө шыктандырууга багытталган чечим кабыл алды», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев эмгек акыларды көтөрүү 2019-жылдын апрель айынан башталган деп «Клооптун» журналистине билдирди.

«Баары эсептелип, аларга 2019-жылдын апрелинен тарта алууга тийиш болгон кошумча акы төлөнүп берилет. Андан ары алар жогорулатылган маяна ала башташат [...] Менимче, [маяналарды] көтөрүү үчүн 100 млн сомдон ашык каражат керек», — деп түшүндүрдү Султаналиев.

Ал Кыргызстандагы спорт кызматкерлеринин орточо эмге акысын айткан жок, бирок, ар бир машыктыруучунун маянасы эмгек тажрыйбасына көз каранды болоорун кошумчалады.