Сулайман тоодогу 10 гектар куураган чөп өрттөө жолу менен тазаланды

Сулайман тоодогу куураган чөптүн өрттөнгөндөн кийинки көрүнүшү. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Сулайман тоонун күңгөй тарабындагы куураган чөп 18-июлда көзөмөлдөп өрттөө ыкмасы менен тазаланды. Бул тууралуу «Клоопко» «Сулайман-Тоо» музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаев билдирди.

«Апрель айынан Сулайман тоодогу бак-дарактардын астындагы чөптү тазалоо иштери башталат. Бир гана тоонун күңгөй тарабындагы мүрзөдө өскөн чөп, аны тебелөөгө болбойт деген түшүнүктөн улам алынбай жаткан. Аргасыздан өрттөдүк», — деди Ибайдуллаев.

Иш-чараны коопсуз өткөрүү үчүн ӨКМден куткаруучулар тартылган. Анткени мүрзөнүн айланасында электр зымдары жайгашып, ага жакын мечит да орун алган.

Болжолдуу 10 гектарга жакын аянтты чөптөн тазалоо үчүн эки саатка жакын убакыт кеткен. Музей жетекчилиги маалымдагандай, куураган чөптүн айынан жыл сайын 10дон ашуун өрт кырсыгы катталып келет.

Сулайман тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Кыргызстандагы биринчи мамлекеттик эстелик.