Айдоочулар эң көп бузган жол кыймыл эрежелерине каралган штрафтардын өлчөмү үч эсеге азайышы мүмкүн

Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өкмөттүк комиссия 19-июлда ИИМдин айрым жол кыймыл эреже бузууларга салынуучу штрафтарды төмөндөтүү боюнча сунушуна макул болду.

Комиссия, айрыкча туура эмес озуп кетүү, светофордун кызыл өңүнөн өтүп кетүү, токтоо сызыгын кесип өтүү, каршы тилкеге же тротуарга чыгып кетүү жана жол белгилеринин талаптарын аткарбоо үчүн штрафтарды 3000ден 1000 сомго чейин кыскартууну сунуштаган.

Өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Егор Скобеев «Клоопко» билдиргендей, аталган эреже бузуулар бардык жол кыймыл эреже бузууларынын жарымын түзөт, ошондуктан айып пулдарды төмөндөтүү дал ушул эрежелерге тийиштүү болгон.

Ал кошумчалагндай, комиссия мас абалда унаа айдоо үчүн жазаны катаалдаштырбоону чечкен, анткени ансыз деле «17,5 миң сомдук штрафтын сезээрлик жыйынтыктары бар».

Өкмөттүн маалыматтары боюнча, акыркы жарым жыл ичинде «Мас абалында транспорт каражатын башкаруу» беренеси боюнча эреже бузуулар эки эседен көп кыскарган — 5911ден 2211ге чейин.

Айып пулдарды азайтуу сунушу

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев марттын башында жумушчу тобуна жол кыймыл эрежелерин бузууга коюлган штрафттардын суммасы канчалык негиздүү болгонун изилдеп чыгууну тапшырган. Мурдараак парламенттин депутаттары да айып пулдарды азайтууну бир нече жолу сунушташкан. Алар муну өлкөдөгү айлык акынын төмөн болушу менен түшүндүрүшкөн.

Өкмөт жаңы штрафтарды 2019-жылдын январында киргизген. Бирок айдоочуларга жаңы система боюнча айып пул мартта гана салына баштаган. Ошол убакта айдоочулар штрафтарды төлөөгө элдин кирешеси жетпей турганын айтып нааразы болушкан.

ММКнын төрагасы Алмаз Мамбетов да айып пулдардын жогорулашына каршы пикирин билдирген. Ал жол эрежесин бузгандан кийин штраф төлөөгө мажбур болгонун айткан.

Штрафтарды азайтуу боюнча сунуштун тарапташтары жана каршылаштары да бар. Айрым активисттер айып пулдун өлчөмүн азайтуу жол эрежесин бузгандардын санын көбөйтүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна таасир этет деп эсептешет.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкек менен Чүй облусунда ишке ашырылууда. Бийлик аталган долбоорду 2019-жылдын аягына чейин өлкө боюнча киргизүүнү каалап жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитети билдиргендей, жалпысынан өлкө жолдорунда 270 камера жана 40 көчмө мобилдик комплекс пайда болот.