Бишкек ЖКККБнын башчысы жана анын орун басары жаңы түзүлгөн кайгуул кызматынын конкурсунан өтпөй калышты

Бишкектин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) учурдагы башчысы Шаирбек Бопонов борбор калаанын патрулдук милициянын жаңы башкармалыгына өткөрүлгөн сынактан өтпөй калды. Ошондой эле тандоо баскычынан анын орун басары Мирлан Чалыбаев да кулап калган.

Жалпысынан жаңы ведомствого 102 талапкер өтпөй калган, алардын арасында Чүй ОИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Исаков да бар.

2019-жылдын май айында ЖКККББны Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына (МККБ) өзгөртүүнү чечишкен. Жаңы ведомстводогу жумушка орношуу үчүн конкурстан ийгиликтүү өтүү шарт эле.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, жаңы кызматтын азыркы ведомствого салыштырмалуу ыйгарым укуктары көбүрөөк болот — алар калкка жардам көрсөтүшүп, кылмыштардын бетип ачып, коопсуздукту камсыздашат. Жаңы кызмат Бишкекте пилоттук тартипте иштеп баштайт.

Бул кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Буга чейин мекеме ар башка убакта Кайгуул посттук кызматы (КПК), Жол кайгуул кызматы (ЖКК), Мамлекеттик авто инспекциясы (МАИ), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) деген аттарга ээ болчу.