Чек арадагы чыр: Ак-Сайдан 650дөн ашуун адам эвакуацияланды

«Кызыл жарым ай» коомунун ыктыярчылары Ак-Сайдан эвакуацияланган адамдарга жардам берип жатышат. Сүрөт: «Кызыл жарым айдын» Кыргызстандагы басма сөз кызматы

Баткен облусунун администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдиргендей, чек аранын жанындагы Ак-Сай айылынан эвакуацияланган адамдардын саны 674кө чейин өстү. Алардын бир бөлүгү Баткен шаарындагы туугандарына кетишкен, калгандары атайын убактылуу пунктарга жайгаштырылды.

«Пунктар канча иштээрин азырынча билбейбиз, бирок, эгер абал туруктуу болуп, жолдор ачылса биз баарын үйлөрүнө жиберебиз», — деди Бердикулова.

Бул Ак-Сайдын тургундарын Баткенге эвакуациялоонун биринчи учуру эмес. 23-июлда ӨКМ 315 адамды эвакуациялаган — алардын көбүн аялдар менен кичинекей балдар түзгөн.

Алардын бир бөлүгү убактылуу чатыр лагерлерде жайгаштырылып, башкалары үй-бүлөлөргө орундаштырылган. Алар тамак-аш продуктулары, суу жана кичинекей балдарды кароо боюнча каражаттар менен камсыздандырылышты.

Ак-Сайдын тургундарынын эвакуациясы мамлекеттердин ортосундагы чек аранын аймагында кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосундагы чырдан улам болгон.

Алдын ала версиялар боюнча, жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Адамдардын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Саламаттык сактоо министри билдиргендей, алардын абалы орточо туруктуу деп бааланууда. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматы абалды «салыштырмалуу туруктуу» деп баалап жатат. Эки өлкөнүн бийлиги жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле чек аранын талаштуу тилкелерин биргеликте күзөтүүнүн макулдашышкан.