Милиция Исфара — Ворух жолун тоскон Ак-Сайдын тургундарына каршы атайын каражаттарды колдонду

Сүрөт: Turmush.kg

Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалымдагандай, 24-июль күнү эртең менен чек арага чектеш Ак-Сай айылынын тургундары Исфара — Ак-Сай — Ворух жолун жаап алышкан.

Анын айтымында, жерине келген милиция кызматкерлери тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан, бирок айыл тургундары жолду ачуудан баш тартышып, таш ыргытышкан — үч милиционер жабыр тарткан.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды», — деди Юсупова.

Милициянын маалыматы боюнча учурда Ак-Сайдагы абал туруктуу.

Бирок, 24.kg маалымат агенттигинин маалыматына караганда, милиция резина окторду да колдонгон. Басылманын журналисттери билдиришкендей, айылдагы абал «курчуп кеткен жана бир нече жабырлануучулар бар».

«Ал жерде милициянын 300гө чукул кызматкери жана 250дөй жергиликтүү тургундар бар [...] Ошондой эле жарандык адамдардын кармалуусу тууралуу маалыматтар бар», — деп келтирет тургундун сөздөрүн 24.kg басылмасы.

Соцтармактарда милицонерлерден жабыркаган Ак-Сай айылынын тургундары тартылган тасма тарай баштады. Алар «бизди өзүбүздүн милициябыз атты» деп жатышат.

«Ак-Сайда кыргыз аскерлери кыргыздарды атып жатышат. Чогулуш кылып сүйлөшөлү десек макул болбой коюшту, — деп түшүндүрдү видеонун автору.

«Марал ФМ» басылмасы жергиликтүү кеңештин депутаты Абдусаттар Бердибаевге таянып, күч түзүмдөрү жолду тосууга аркет кылгандарга карата жарылгыч заттарды колдонушкан деп маалымдады.

Чек арадагы чыр

Ак-Сайдын жашоочулары менен милициянын тиреши мамлекеттер аралык чек ара тилкелериндеги кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосундагы чатактын шартында орун алды.

Алдын ала версиялар боюнча, жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматы абалды «салыштырмалуу туруктуу» деп баалап жатат. Эки өлкөнүн бийлиги жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле чек аранын талаштуу тилкелерин биргеликте күзөтүүнүн макулдашышкан.

Бирок, Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 650дөн ашуун адам эвакуацияланган.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы