Ак-Сайдын 650дөн ашуун тургуну үйлөрүнө кайтып келишти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» билдиргендей, Ак-Сай айылынын 674 тургуну 25-июлда эртең менен өз үйлөрүнө кайтып келишти.

«Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, [25-июлда эртең менен] саат 7:10до Исфана — Ворух жана Исфана — Баткен жолдорун ачышты. Биз тургундарды үйлөрүнө бустар менен жөнөттүк. Ар бир машина милициянын коштоосунда жиберилди», — деп билдирди Бердикулова.

Ак-Сайдын тургундары мамлекеттер ортосундагы чек аранын аймагында кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосундагы чырдан улам эвакуацияланган. Жаңжал 22-июль күнү кечке маал башталган. Жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Адамдардын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болгонун, айрымдарына ок тийгенин билдиришкен. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап чек аранын талаштуу аймактарын биргеликте кайтарууну жана ошондой эле жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашышкан.

Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын тажик кесиптеши Эмомали Рахмондун жолугушуусу күтүлүүдө.

Авторлошу: Махабат Жакыпова

ТЕМА БОЮНЧА: