Баткенде жолдор ачылды, облустагы абал «салыштырмалуу туруктуу»

Баткен. 24-июль (иллюстративдүү сүрөт). Автору: Жениш Айдаров / RFE / RL

Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, 25-июль күнү эртең менен Баткен облусунда Баткен — Исфана жана Исфара — Ворух жолдору ачылды. Бул жолдор эки күн мурун кыргыз Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары ортосунда чыккан чыр-чатактын айынан жабылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдиргендей, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жаңжалды биргеликте иликтөөнү чечишкен.

«Эртең Ак-Сай жана Ворухта эки президенттин жолугушуусу белгиленип жатат. Анда эки тарап чек ара маселесин карап, бир чечимге келет деген ойдобуз», — деп келтирет Мадумаровдун айткандарын «Азаттык» басылмасы.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 25-июлга карата Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймакта абал «салыштырмалуу туруктуу». Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Эки өлкөнүн чек ара отряддары тең чек араны кайтарышууда. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосундагы чыр 22-июлда орун алган. Алдын ала версиялар боюнча, жергиликтүү тургундардын ортосундагы жаңжал талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Адамдардын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Кыргыз бийлигинин акыркы маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Жаңжалдан улам Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 650дөн ашуун адам эвакуацияланган. 25-июлда жолдор ачылгандан кийин алар Ак-Сайга кайтып келишкен.