Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек арадагы чырдын шартында жолугушат

Иллюстративдүү сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы маалымдагандай, өлкө башчысы 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Исфара шаарында жолугат.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков эки президенттин сүйлөшүүсү пландуу болгонун айтты.

«Данияр Сыдыков белгилеп өткөндөй, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, анын ичинде чек араларды тактоо жана аныктоо маселели дагы», — деп билдирди кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Жээнбеков менен Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Атада уланат, ал жерде президенттер Исфарадагы жолугушууну жыйынтыкташат.

Эки президенттин жолугушуусу кыргыз Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы чек арадагы чыр-чатактын шартында болуп өтөт.

Чек арага чектеш жайгашкан аймактагы жаңжал 22-июль күнү башталган. Алдын ала версия боюнча, чыр талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан.

Кыргыз бийлигинин акыркы маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Жаңжалдан улам Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 650дөн ашуун адам эвакуацияланган. 25-июлда жолдор ачылгандан кийин алар Ак-Сайга кайтып келишкен.

Кыргызстандын чек ара кызматы аймактагы абалды 25-июлга карата «салыштырмалуу туруктуу» деп баалаган. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.