Санкт-Петербург: Кыргызстандын атуулу ЛГБТ активисттин өлүмүнө шектелүүдө

Елена Григорьева апрелде болуп өткөн нааразычылык акциясында

Орусиянын Тергөө комитети 25-июлда Кыргызстандын атуулу кармалгандыгы тууралуу билдирди. Аны өз ишмердүүлүгүн Санкт-Петербургда жүргүзүп келген ЛГБТ активист Елена Григорьеваны өлтүрүүгө шектешүүдө.

Тергөөчүлөр шектүүнүн аты-жөнүн ачыкташкан эмес, бирок анын туулган жылын көрсөтүшкөн — 1981. Тергөө тарабынан Григорьеванын өлүмү турмуш-тиричиликтин айынан болгонун деген «далилдер алынган».

«Шектүү 20-июлдан 21не караган түнү мас абалында болуу менен турмуш-тиричиликтин айынан кокусунан чыккан жаңжалдан улам, мурда тааныш болгон жабырлануучуга 8ден кем эмес ирет анын жон тарабына жана бетине бычак сайган», — деп айтылат Тергөө комитетинин пресс-релизинде.

Тергөөнүн версияна караганда Григорьева «асоциалдык жашоо образын карманып, шектүүнүн компаниясында дагы бир нече ирет спирттик ичимдиктерди ичип жүргөн».

Тергөө комитети кошумчалагандай, шектүү адам башка бир адамга кол салууга жана тоноого да айыпталууда.

Елена Григорьева Санкт-Петербургда 21-июлга караган түнү киши колдуу болгон. Анын бычакталган денеси үйүнөн 100дөгөн метр алыстыкта табылган.

Укук коргоочулар Григорьевага өлүм алдында коркутуулар болгонун билдиришкен. Ал милицияга кайрылган, бирок укук коргоо органдары эч кандай чараларды колдонушкан эмес. Кийинчерээк полициядан Григорьевадан арыз түшкөнүн тастыкташкан, анткени менен алар өмүргө коркунуч жараткан түз коркутуулар жок болгон деп эсептешкен.

Григорьева каза тапкандан кийин Санкт-Петербургдагы активисттер тобу Тергөө комитетине жана Орусиянын ИИМине кайрылып, «Пила против ЛГБТ» («Араа ЛГБТга каршы») кыймылын анын өлүмүнө тиешеси бар-жогун текшерүүнү өтүнүшкөн.

Буга чейин «Пила» кыймылы активисттердин тобун жарыялап, аларга «абдан кооптуу жана ырайымсыз белектер» даярдалганын билдиришкен. Тизмеге кирген активисттердин катарында Григорьеванын да ысымы болгон.