Чек арадагы чыр: Жабыркагандарга 5 миң сомдон берилди

Баткен облусунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгуу учурунда жабыркагандарга 5 миң сомдон төлөнүп берилди. Бул акчалар Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонудунан бөлүнгөн.

Ооруканада дагы деле 16 адам жатат — алардын абалдары «туруктуу» катары бааланууда. Жалпысынан медициналык жардам сурап 341 адам кайралган.

Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосундагы чек ара чыры 22-июлда жүз берген. Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 17 адам жабыркаган, алардын ичинен айрымдары ок тийип жарадар болушкан. Тажик тарап бир адам каза таап, он адам жабыр тартканын билдирген.

Чырдын шартында эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушушкан. Натыйжада чек арага жакын аймактарда аскерлердин саны көбөйтүлгөн.

Мындан тышкары, бийлик чек арага чектеш айылдарда инфраструктуралык жана социалдык объектилерди курууну пландоодо. Августта өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын курулушу аяктап, тургундар жаңы тез жардам кызматынын унаасы менен камсыз болуулары керек.