«Мыйзамсыздык жана ээн баштык». Оштогу ишкерлер жергиликтүү милициянын үстүнөн даттанышты

Оштогу ишкерлер. Сүрөт: Kloop.kg

30-июлда оштук төрт ишкер Бишкекте басма сөз жыйын өткөрүшүп, анда «мыйзамсыздыкка туш болушканын» билдиришип, шаардык милициядан да, облустук прокуратурадан да адилеттикке жете албай жатышкандарын айтышты.

Алардын айтымында, укук коргоо органдары аракетсиздик кылып, ошонусу менен эже-сиңдилер Рано жана Махидилхан Эргешоваларды «жаап-жашырышууда» — бир кездерде бул аялдар ишкерлерден акча алып, карыздарын кайтарып бербей коюшкан.

«Мен өз карызкорлорлорумдан акча талап кылбашым үчүн бардык күч органдары мага каршы туруп алышты. Мени эки тилкат боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айыптап кесишти. Берене алганы аз келгенсип, биз өзүбүздүн акчаларыбызды кайтарыш үчүн күрөшүп жатабыз», — деп айтты ишкерлердин бирөөсү Амина Чоёнбаева.

Анын айтымында, ал 2014-жылы Махидилхан Эргешовага беш миң доллардан ашуун акча карызга берип, ошол бойдон акчасын ала албай келет. Чоёнбаева Ош милициясына да, прокуратурага да кайрылганы менен майнап чыккан эмес.

Альберт Рахманжанов да 2017-жылы аялы Эргешоваларга сегиз млн сомго чукул акча карызга бергенин айтып берди. Алар акчаларын кайтара албай келишет, ал эми жергиликтүү милиция болсо Эргешоваларга кылмыш ишин козгоодон ыктымал баш тартып келет.

«Бул адамдар милициянын, Ош прокуратурасынын калкалоосуна таянышууда. [...] Башка адамдардын да бул кишилерге карата арыздары бар, бирок эмнегедир бул арыздар кабыл алынбай жатат. Ал эми бул адамдар өздөрү милиция менен прокуратурага арыз жазышса, милиция алардын буйруктарын аткарууга киришишет. Ошто мыйзамсыздык жана ээн баштык», — деп билдирди ал.

Оштун дагы бир тургуну Хуршида Умарова да жергиликтүү милициянын «аракетсиздигине» даттанган, анткени, укук коргоо орган кызматкерлери Мухидилхан Эргешовадан 25 миң доллар карызын өндүрүп алууга жардам бербей жатышат деген.

Ошондой эле, укук коргоо орандарынын кызматкерлеринин аракетсиздигине Оштун дагы башка тургуну Жайнагүл Турдуева да даттанган. Ал айтып бергендей, 2016-жылы «Мухаммед-Умар» спорт клубунун мүчөлөрү андан ыктымал акча талап кылышкан. Анын айтымында, күйөөсү экөө «Ош прокуратурасы менен милициядан адилеттүүлүк» таба албай келишет.

Махидилхан Эргешова болсо Альберт Рахманжанов андан алтын жана тогуз млн сом «алып кеткен» деп айтып берди.

«Акчаларымды кайтарып берсин. Ал 9 млн сомдук буюмдарды алып кеткен. Мен ага 31 даана [алтын] берген, ошонун 17 сатып салган. Бул [Альберт Рахманжанов] жооп берсин ушуга», — деп билдирди Эргешова.

Ош милициясынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Эргешовага байланыштуу кылмыш иши Ички иштер министрлигинде иликтөөдө. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» ИИМдин басма сөз кызматынан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аларда бул иш боюнча маалымат жок жана аларга Ош прокуратурасына карата даттануулар тууралуу белгисиз.

Басма сөз жыйындын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдон кылмыш иштердин бейтарап иликтенишине жана Оштогу күч түзүмдөрүндөгү коррупция маселесине таасир этүүнү өтүнүп, ага кайрылууну пландап жатышат.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы