«Атамбаевдин иши мыйзам чегинде чечилиши керек»: Жээнбеков мурдагы президентке каршы айыптарга комментарий берди

Атамбаев жана Жээнбеков. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-июлда Чүй облусундагы Панфилов районунун тургундары менен жолугушуп, өзүнүн мурдагы үзөңгүлөшү Алмазбек Атамбаевге каршы тагылган айыптарга комментарий берди.

«Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп билдирди Жээнбеков.

Ал Атамбаевдин ИИМге суракка чакырылышын «мыйзам ченемдүү көрүнүш» деп атады.

Бул Жээнбековдун, депутаттар Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен, экс-президент деген макамдан жана башка артыкчылыктардан ажыраткандан кийинки мурдагы өлкө башчысынын айланасындагы абалга карата алгачкы ачык пикири болуп калды. Анда Атамбаев «Жээнбеков мыйзамсыздыктын кара ташын ыргытты» деп билдирген.

ИИМ Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылгандан кийин көп өтпөй эле аны суракка чакыра баштаган, бирок, мурдагы президент тергөө менен жолугушууга үч чакырууга тең барган эмес. Ошондой эле Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин легитимдүүлүгүн тааныбай тургандыгын билдирген.

Атамбаевди экс-президенттик макамдан ажыратуу анын Жээнбеков менен 2018-жылы мартта башталган араздашуусунун жыйынтыгы болуп калган. Ал учурда Атамбаев мураскерин коррупция менен натыйжасыз күрөшүп жатат деп айыптап, саясатка кайтып жатканын билдирген.

Мынданк кийин Атамбаевдин тарапташтарынын көбү коррупцияга айыпталып, камалышкан. Алардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков, ошондой эле Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов бар.