«Путин — агрессор» деген плакаттар үчүн кармалган активисттерге карата тергөө токтотулду

Активисттер Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында

Нурлан Карымшаков менен Гүлзана Имаевага карата тергөө 26-июлда токтотулган. Бул тууралуу алардын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр психологиялык-линвистикалык жана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыктары боюнча алардын аракеттеринен кылмыштын курамдарын табышкан эмес.

Карымшаков менен Имаева «Улуттар аралык же расалык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталышып, 10 жылга чейин эркиндиктерин ажыратылышмакчы болгон.

Алар 2019-жылы мартта «Путин — агрессор» жана «Путиндин Ысык-Көлдөгү торпедаларына жол жок» деген плакаттар менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине пикетке чыгышкандан кийин иликтөөнүн фигуранттарына айланышкан. Митингден кийин аларды милиция кармап кеткен.

Бул Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарына дейре бир күн калганда болгон.