Шаардык кеңештин депутаттары «Газпромдун» мектебин компаниянын башкаруусуна өткөрүп беришти

Жаңы мектепти «Газпром» өзү курган. Сүрөт: Ыдырыс Исаков / RFE / RL

31-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мектепти «Газпромго» өткөрүп берүүнү бир добуштан колдоп беришти. Алар бул маселени чечүү үчүн кезексиз сессияга чогулушту.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев мектептеги орундардын 30% билим берүү жайы «Газпромдун» башкарусуна өткөрүлүп берилгенде деле муниципалдык болуп кала бериши керек деп көшөрдү.

Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча, депутаттар мектептеги орундардын 25% гана муниципалдык болот деген чечим чыгарышты. Мектепке Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин аты ыйгарылды.

Ошондой эле шаардык кеңештин бир өкүлүн добушка укуктуу кылып мектептин комкордук кеңешине кошуу чечими кабыл алынды. Камкордук кеңешинин чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

«Газпромдун» мектеби

Орусиянын «Газпром» энергетикалык компаниясы Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө 960 орундуу мектеп курган. Кээ бир маалыматтарга ылайык, курулуш иштерине 20 млн долларга чукул каражат сарпталган.

Алгач «Газпром» менен Бишкектин бийлиги мектеп муниципалдык, ал эми имараттын өзү мэриянын карамагында болот деп пландашкан. Бирок мектеп курулуп жатканда мэрия аны каржылай албастыгын билдирген. Ошондо «Газпром» шаар бийлигине мектепти аларга 20 жылдык мөөнөткө өткөрүп берүүнү сунуштаган.

«Газпром Кыргызстандын» маалыматына ылайык, мектепти пайдалануунун бир жылдык чыгымы 200 млн сомго чукул акчаны түзсө, Бишкек мэриясы өзүнүн муниципалдык мектептерине жылына 35-40 млн сом гана бөлөт.

Мурдараак «Газпромдун» өкүлдөрүнү окуунун бир айлык баасы 22 миң сомго чукул акчаны түзөөрүн айтышкан. Аны менен бирге орундардын 25 пайызын бекер кылууну убадаланган: 20 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн бөлүнүп берилсе, калган беш пайызы — олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана башка жөндөмдүү мектеп окуучулары үчүн берилет.

Авторлошу: Айсымбат Токоева