Токой чарбасын коргоо мамагенттигинин башчысы Рустамов пара алгандыгы үчүн кармалган — УКМК

Абдыкалык Рустамов.

Материал 20:20да жаңыртылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлагандай, 30-июлда токой чарбасын коргоо мамагенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчылары эки миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан. 

УКМКнын маалыматына ылайык, Рустамов менен анын жардамчылары «чет элдик жарандан Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан 5 гектар жер тилкени берүү үчүн пара талап кылышкан».

«Пара алуу» беренеси боюнча иш козголгон. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген.

Мурдараак Рустамовдун кармалганы тууралуу «АКИпресс» басылмасы өз маалымат булактарына таянып билдирген. Кийинчерээк бул тууралуу башка басылмалар да жазып чыгышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, УКМКнын антикоррупциялык кызматынын жумушчулары Рустамовду үйүнөн кармашкан. «Азаттык» үналгысы кабарлагандай, Рустамовдун иш бөлмөсүн УКМКнын кызматкерлери чаптап кетишкен.

Апрель айында Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Рустамовду жана мамагенттиктин калган жетекчилигин «коррупцияга каршы иш-чараларды» аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотууну сунуштаган.

Коопсуздук кеңеши мамагенттик санариптештирүү боюнча бир да иш-чара өткөрбөгөндүгү жана өз кезегинде бул коррупцияга алып келгендигине нааразы болгон. Ошондой эле мамагенттиктин жетекчилиги коргоого алынган жерлерде эс алуу аймактарын курууга мыйзамсыз уруксат бергендиги, анын ичинде кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга мыйзамсыз квота бергендиги үчүн сынга алынган.

Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, мамагенттиктин башчысы Рустамов 2018-жылы гана өкмөт башчыдан эки жолу эскертүү, сөгүш жана катаал сөгүш алган. Ошондой эле, Коопсуздук кеңеши Башкы прокуратурага берилген материалдарды изилдеп, аларга юридикалык баа берүүнү сунуштаган.