Amnesty Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин сынга алды

Amnesty Internationalдын укук коргоочуларынын ою боюнча, соттун Азимжан Аскаровдун өкүмүн өзгөртүүдөн баш тартуусу «Кыргызстандын бийлигинин адамдын фундаменталдык укуктарына тоотпогондук менен мамиле кылуусун» көрсөтөт.

Чүй облустук соту 30-июлда укук коргоочу Аскаровдун өмүрү өткүчөктү жаза өтөө өкүмүн күчүндө калтырган — ал 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар ортосундагы жаңжал учурунда «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыпталган.

«Биз кайрадан Кыргызстандагы адилетсиздиктин жеңишин көрүп жатабыз. Бийлик абийир туткуну Азимжан Аскаровго карата өз милдеттерин эл аралык укуктарга жана өлкөнүн Конституциясына ылайык аткаруусуна эмне тоскоол болду? Бул суроого кыска жооп берүү — бул адам укуктары такыр тоотпоо», — деп билдирди Amnestyнин Борбор Азия боюнча эксперти Денис Кривошеев.

Мурдараак Amnesty жана жети башка укук коргоочу уюму Евробиримдиктин коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерике Могериниге кайрылышкан. Алар Могериниден Аскаровдун ишин Кыргызстандын бийлиги менен талкуулоону суранышкан.

Укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө Аскаровдун саламаттыгы начарлап жатканы жана аны бошотуп, даарылоого жөнөтүү керектиги айтылган. Кийинчерээк Могерини Аскаровдун иши «талкуу баскычында» экенин билдирип, бирок сүйлөшүүлөр туурасында кеңири маалымат ачыктаган эмес.

Аскаров — этникалык өзбек, Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон. 15-жылдан бери өзүнүн «Аба» укук коргоо уюмун жетектеп келген.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

Аскаровдун жактоочулары укук коргоочуга коюлган айыптар негизсиз экенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Окуя болгон жерде Аскаров жок болгонун күбөлөр ырасташкан. Ошондой эле укук коргоочу кыйноого алынганын жана иликтөө иштери процессуалдык эрежелердин одоно бузулушу менен коштолуп атканын анын адвокаттары билдирген.