Сот Александр Кимге «Вечерний Бишкекти» кайтарып берди

Бишкек шаардык соту 31-июлда «Вечерний Бишкек басма үйү» менен «Рубикон» компанияларынын активдерин Александр кимге кайтарып берүүнү чечти. Аны менен сот Кимдин каршылаштары Александра жана Галина Рябушкиндерди активдерден ажыратты.

Алар «Рубикондун» үлүшүнүн 50 пайызына жана «Вечерний Бишкек басма үйүнүн» 64 пайызына ээлик кылышчу.

«Мурдараак, апрелде, шаардык сот мага “Рубикондун” 50 пайызын кайтарып берген. Эми мен компаниянын 100 пайызына ээлик кылам», — деди Ким «Клоопко».

Ошондой эле Свердлов райондук соту Рябушкиндин башка ишин карап жатат. Ал «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн акционерлеринин дивиденддерин коротуу жана өзүнө ыйгарып алууга шектелүүдө. Ал Бишкектин тергөө изоляторунда камакта жатат.

«Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусу

Александр Ким «Вечерний Бишкек» басылмасына 2015-жылдын 1-сентябрына чейин ээлик кылган. Соттук териштирүү 2014-жылдын күзүндө өз акцияларын кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин билдирүүсүнөн кийин башталган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондун» акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөнүн билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган. Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон.

Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашылган. Ким мындай чечимдин артында «бийлик турат» деп билдирген. Редакция гезитке кысымды президент Атамбаевдин администрациясы, анын кеңешчиси Фарид Ниязов жана администрация башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов көрсөтүшү ыктымал деп эсептеген.

Аткаминердин экөөсү тең «Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусуна тиешелери жоктугун айтышкан. Илмиянов бул билдирүүлөрдүн шартында отставкага кеткен, ал эми Ниязов болсо басылманын шектенүүсү — бул «кезектеги калп» деп билдирген кайрылуу жасаган.