УКМК Бакиев тууралуу тасма көрсөткөн телеканалдардын директорлоруна эскертүү берди

УКМКнын басма сөз кызматы 1-августта билдиргендей, тергөөчүлөр NewTVнин башкы директору Нурлан Шакиев менен Nur TVнин башчысы Бекболот Келдибековду «профилактикалык маекке» чакырышкан.

«Шакиевге жана Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү берилди», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ал эми Шакиев менен Келдибеков «алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты».

Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, УКМКнын расмий эскертүүсү эгер мындай иш-аракеттер дагы бир жолу кайталана турган болсо телеканалдардын өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн дегенди айгинелейт.

«Бул кандай жоопкерчилик болот, УКМК аны кандай кфалификациялаганынан көз каранды болот. [...] Эгер, мисалга, мындай иш-аракеттер митингдерге же иш таштоолорго алып келген болсо, ошондуктан УКМК бул боюнча эскертип жатат», — деп түшүндүрдү Эралиев.

Юристтин ою боюнча, УКМКнын ЖМК өкүлдөрүнө карата мындай аракеттерине жол берилет.

«Элдин мурдагы президент Бакиевге карата [мамилеси] кандай экенин эске алганда, анда бул кайсы бир деңгээлде туура болушу мүмкүн [...] [УКМК] жагдайды баалап жатышат жана аларда эскертме берүү укугу бар», — деп кошумчалады Эралиев.

Медиа Полиси Институтунун башчысы Бегайым Үсөнөва башкача ойдо — анын пикири боюнча, УКМК алгач телеканалдардын Бакиев тууралуу тасманы чагылдырууга укуктары болгон эместигин далилдеши керек.

«УКМК пикирлерге эмес, факттарга, реалдуу коркунучтарга, мыйзамдын ченемдерине таянышы керек. Эгер алар мыйзамды карап, кандай негизде кайсы бир чечимди кабыл кабыл алышканын түшүндүрүп беришсе жакшы болмок. Эгер аны түшүндүрбөсө, анда бул ээн баштык болуп калат да», — деди Үсөнөва.

Мурдараак медиакэсперттер тасманын көрсөтүлүшүнө атайын кызмат эмес, журналисттер көңүл бурушу керектигин билдиришкен.

«Тек гана журналисттер мында толук күчкө салып иштеп, иликтөө жүргүзүшү керек. Бул эле эмес, бул ЖМКлар кимдерге таандык экендиги боюнча темага материалдардын сериясын жарыялашы керек, анткени бул медиа сабаттуулуктун негизги маселелери: медиа каналдын артында ким турат, бул бизнеспи же саясатпы? Бул телеканалдар кандай баалуулуктарды алып жүрөт, алардын редсаясаты кандай, мындай тасманы көрүүчүлөргө көрсөтүүнүн максаты эмнеде?», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

NewTV жана Nur TV телеканалдары 30-июлда Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин жашоосуна арналган даректүү тасма көрсөтүшкөн. Көрүүчүлөр менен социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында кыжырдануу жаралып, алар бул тасманы көрсөтүү «Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине» жана аны реабилитациялоого «шарт» түзүү деп эсептешкен.

Телеканалдардын жетекчиликтери тасманы көрсөтүүдө эч кандай саясий өңүт болгон эместигин айтышкан. 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Курманбек Бакиевди Кыргызстанда сыртынан 30 жылга абак жазасына кесишкен.