УКМК экинчи жолу суракка чакырууга аракет кылды — дизайнер Тарасенко

Дизайнер Никита Тарасенко 1-августта УКМКга суракка чакырууну тапшырууга аракет кылышканын «Клоопко» билдирди.

«Эртең менен чала башташты, бирок мен фрилансермин, түшкө чейин уктайм. Андан кийин кесиптеш досум суракка чакыруу кагазын мен алышым үчүн ага алып келишкенин жазды. Дагы бир досум ага чалышканын жазды», — деди Тарасенко.

Дизайнердин айтымында, кийинчерээк ага белгисиз адам чалып, анын ийримине жазылгысы келгенин айткан.

«Андан кийин мен ага кайра чалып, “чындыгында эле ийримге жазылайын дедиңиз беле?” деп сурадым. Ал УКМКдан экенин, мени менен жолугушкусу келгенин айтты. Мен эмне маселе боюнча деп сурадым. Ал “келиңиз, бардыгын айтып берем” деп айтты», — деп билдирди дизайнер.

Ал эртең, 2-августта УКМКга бара турганын кошумчалады.

УКМКнын басма сөз кызматынан Тарасенкого карата экинчи чакыруу жөнүндө аларга эч нерсе белгисиз экенин «Клоопко» маалымдашты. «Тарасенкону кайра суракка чакыруу керек же керек эместигин Башкы тергөө башкармалыгы чечет», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) сурагына 26-июль күнү чакырылган, бирок ал уктап калып барбай калган.

Мурдараак 24.kg басылмасы УКМКга таянып, Тарасенко «диндер аралык кастыкты козутуу» фактысы боюнча чакырылып жатканын маалымдаган. УКМКда кайсы жарыя боюнча сөз кылып жатканы белгисиз.

Тарасенко мурдараак УКМКга чакырылышы социалдык тармакка жарыялаган белгилүү саясатчылардын коллажына байланыштуу деп билдирген.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

«“Оштуктар” жөнөкөй жарандарды бир катар карактоолорунан улам белгилүү болушкан. Тергөөчүлөрдүн ою боюнча, алардын эсебинде аз эле дегенде каракталган 700 млн доллар бар», — деп жазган Тарасенко.

Дизайнер коллажга парламенттин учурдагы спикери Дастан Жумабековду, парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибековду жана ошондой эле депутат Искендер Матраимов менен анын иниси Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду кошкон.