Абылгазиев: Солтон-Сарыдагы кырдаал жеке көзөмөлүмдө

Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 6-августта Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

«Мен бул маселеге толук түрдө киришип, жеке көзөмөлүмө алып турам», — деп билдирди премьер-министр.

Ал жергиликтүү тургундар менен алтын казуучу компаниянын жумушчуларынын ортосундагы чырдын чыгышынын себептерин териштирүүнү, ошондой эле тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчысы кошумчалагандай, жашоочулар менен чет элдик инвесторлордун ортосундагы чыр «укуктук негизде» чечилүүгө тийиш.

Жергиликтүүлөр менен алтын казуучу компаниянын жумушчуларынын ортосундагы жаңжал 2-августта башталган. Эки жергиликтүү чабан кайым айтышуудан улам Jhong ji Mining жалданмачы компаниясынын эки кызматкери менен мушташып кеткен.

Тургундар 4-5-августта митингге чыгышып, бийликтен компанияны жабууну, анын ичинде кытайлык жумушчулардын Солтон-Сарыдан чыгып кетишин талап кылышкан. Нааразылыкка чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ЖАМКтын башчысы Мелис Турганбаев барган.

ТЕМА БОЮНЧА: