Солтон-Сарыдагы жаңжал жөнүндө видеону жайылтуу «нааразылык акциялардын пайда болушуна түрткү бериши мүмкүн» — УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, Нарын облуснун Солтон-Сары алтын кениндеги жаңжал тууралуу интернетке жарыяланган тасмалар «улуттар аралык кастыкка алып келиши» мүмкүн.

«Видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, инвесторлор менен «Jhong ji Mining» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын мамилеси улут аралык тирешүүгө себеп болушу мүмкүн», — деп айтылат УКМКнын кабарында.

Атайын кызматтан мындай видеороликтер «калктын нааразылыгын күчөтүп, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайлардын жаралышына» таасир этиши мүмкүн деп эсептешет. Ушул себептен улам алар Солтон-Сарыдагы жаңжал тууралуу видеолорду жарыялагандарга карата эскертүү берүү даярдыгы тууралуу билдиришти.

Юрист Замир Жоошев «Клоопко» билдиргендей, жарандарга эскертүү эгер кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууга негиз жок болгондо берилет. Юристтин айтымында, эскертүүнү берүү үчүн адам УКМКга чакырылышы мүмкүн.

«Эгер сиз бөлүшүп жаткан тасманы өзгөчө [кастык контексти менен] сүрөттөгөн болсоңуз, анда УКМКга чакырылып калышыңыз толук мүмкүн», — деп кошумчалады юрист.

Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кениндеги жергиликтүү тургундар менен компаниянын жумушчуларынын ортосунданы чатак бир нече күн катары менен болуп өттү. Ири кагылышуу 5-август күнү кечинде жүз берген. Жергиликтүүлөр кендеги иштерди токтотууну талап кылышкан. Чатакташуунун натыйжасында 21 адам ооруканага жаткырылган — 20сы компаниянын кызматкери жана бир жергиликтүү тургун. Дагы 19 жумушчу Бишкектеги травматология борборуна кайрылышкан.