Ысык-Көл: Өспүрүм үйлөмө бананды сүйрөгөн катерге башы менен урунуп каза тапты

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, окуя 5-августта Бостери айылында болгон. 12 жаштагы бала көл жээгине үйлөмө банан тепкени барган.

Арадан бир нече убакыт өткөн соң бананды сүйрөп бараткан катер катуу бурулуш жасаган. Бул учурда өспүрүм банандан учуп түшүп катерге барып башы менен урунган. Ал эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапкан.

Милиционерлер азырынча окуянын чоо-жайын билишпейт. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери маркум көлдө ата-энеси менен эс алууда жүргөнүн кабарлашты. Көл үстүндө бананга түшүүдө аны коштоп баргандар болуп-болбогону белгисиз.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мамэкотехинспекция коопсуздук техникасын текшергенден кийин окуянын катышуучуларынын жоопкерчилиги тууралуу чечим чыгарат.