Кытайдын элчилиги Солтон-Сарыдагы жаңжалга күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону талап кылды

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары алтын кенинде Нарын облусунун тургундары менен Zhong Ji Mining компаниясынын ортосунда чыккан жаңжалга комментарий берди.

Кытайдын дипмиссиясы компаниянын аймагында чогулгандардын «мыйзамсыз кол салуусунан» улам алардын ондогон жарандары жарадар болушканын ырастоодо.

«Аталган окуя компания менен анын кызматкерлерине чоң экономикалык жана физикалык жоготууларды алып келди. Кытай тарап катуу тынчсызданып, кыргыз тарапка талап коёт», — деп айтылат элчиликтин кабарында.

Дипмиссия кыргыз өкмөтүнөн жабыркагандарга «максималдуу» медициналык жардам көрсөтүүнү жана күнөөлүүлөрдү «катуу» жазалоону талап кылды.

Ошондой эле Кытайдын элчилиги билдиргендей, Кытайдын ишканалары «узак жылдардан бери» Кыргызстанга инвестиция салып, бизнес жүргүзүшөт, андан тышкары, жергиликтүү калктын «байгерчилигин жакшыртуунун» жана эки өлкөнүн ортосунда салттык достукту бекемдөөнүн үстүндө иштешет.

Бир күн мурда, 5-августта, Нарын районунун айылдарынын тургундары Солтон-Сары алтын кенине чогулушуп, кытайлык компаниясынын кендеги ишин токтотууну талап кылышкан.

Ар кандай баалар боюнча, алтын кенде 300дөн 500гө чейин адам чогулган. ИИМдин маалыматына ылайык, чатакташуу учурунда компаниянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бири-бирине таш менен ыргытышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы компаниянын 20 кызматкери жана жергиликтүү тургундардын бирөөсү Нарын облустук ооруканасына жаткырылганын билдирген. Андан тышкары, компаниянын дагы 19 кызматкери Бишкектин травматология жана ортопедия борборуна кайрылышкан.

Жергиликтүүлөр бир нече жолу кенди жабууну жана ал жакта иш жүргүзүүнү токтотууну талап кылышкан. Алардын айтымында, Солтон-Сарыны иштетүүдөн улам мал-жандыктары кырылып жатат. Ал эми буга карата бийлик мал-жандыктар оорудан жана эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн кырылып жатат деп билдирген.