Латвияда Зилалиевдин үй-бүлөсү акчалардын изин жашырууга айыпталууда — УКМК

Материал 17:00дө жаңыртылды.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге үй-бүлөсүнүн Латвияда банктык эсеби бар экенин тастыктады. Мурдараак УКМК латвиялык укук коргоо органдарынын кызматкерлери Зилалиевди «Латвиянын ири банктары аркылуу» акчалардын изин жашырууга айыпташып атканын билдирген.

«Жашы жете элек балдар үчүн билим берүү максатында анчейин көп эмес суммада топтоо эсеби болгон», — деп билдирди мурдагы вице-премьер-министр.

Зилалиев адвокаттары Интерполго өтүнмө жөнөтүп, коомчулукка маалымат беришээрин кошумчалады.

Ошондой эле мурдагы аткаминердин аялы Зулфия Зилалиева да журналисттерге алардын үй-бүлөсүндө Латвияда депозиттик эсеби бар экенин жана аны 2016-жылы ачышканын кабарлаган. Анын айтымында, эсепте 42 миң доллар сакталууда жана ал боюнча соңку үч жылда эч кандай операциялар жасалбаган.

«Ошондуктан УКМКдан коомчулукка документтерди көрсөтүүлөрүн талап кылам, анткени батирди тинтүү учурунда алар бул документтерди алып коюшкан, эми азыр болсо өз айткандарын далилдей албай жатышат», — деди ал.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, Латвиянын укук коргоо органдары мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына каршы кылмыш ишин козгошкон. Алар ири өлчөмдөгү акчалардын изин жашырууга айыпталышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, Латвиянын укук коргоо органдары мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына каршы кылмыш ишин козгошкон. Алар ири өлчөмдөгү акчалардын изин жашырууга айыпталышууда.

«Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мамкомитеттин билдирүүсүнө ылайык, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Кыргызстандын УКМКсына кайрылып, Зилалиев жана анын жубайы тууралуу маалымат берүүнү суранган.

«Латвиянын укук коргоо органдарынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болбой жатат», — деп кошумчалашты УКМКдан.

Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата «мыйзамсыз баюу» айыбы боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат Зилалиевди 2018-жылы декабрда кармаган — анын банктык уячаларынан декларацияга киргизилбеген ыктымал 900 миң доллар табылган.

Зилалиев өзү тергөө органдарынын өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоо менен «жакындарына жана туугандарына карата аша чапкан мамиле» уюштуруп кысым көрсөтүшкөн деп билдирген. Учурда Зилалиевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Башка иш боюнча ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жаткан күнү бомба тууралуу жалган маалымат билдирген үчүн үч жылга шартуу мөөнөткө кесилген.