Солтон-Сарыдагы жаңжал: Нарында абал «туруктуу», жол ачык

Нарын облустук администрациясынын башчысы Аманбай Кайыпов билдиргендей, аймактагы абал «туруктуу», ал эми коомдук коопсуздук укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кытайдын Zhong ji Mining компаниясынын ишмердиги териштирүүлөр аяктаганга чейин бир айга токтотулду. Мындай чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын корутундусунун негизинде кабыл алынган.

«Чогулган жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын талаптары аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болушат», — деп айтышты өкмөттөн.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, жергиликтүү тургундар менен кытайлык компаниянын өкүлдөрүнүн ортосундагы жаңжалдар ведомстволор аралык комиссия тарабынан «дыкат иликтенет».

Кытайлык компания 7-августта кен чыккан жерден өз кызматкерлери менен техникаларын чыгарып кеткен.

Мурадараак, 5-августта Нарын районунун айылдарынын жүздөгөн тургундары Солтон-Сары алтын кенине чогулушуп, кытайлык компаниясынын кендеги ишин токтотууну талап кылышкан.

ИИМдин маалыматына ылайык, жаңжал учурунда компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан. Жыйынтыгында кытайлык компаниянын 19 кызматкери жана бир жергиликтүү тургун Нарын облустук ооруканасына жаткырылган. Кийинчерээк жумушчулар ооруканадан чыгарылган.

Жергиликтүүлөр бир нече жолу кенди жабууну жана ал жакта иш жүргүзүүнү токтотууну талап кылышкан. Алардын айтымында, Солтон-Сарыны иштетүүдөн улам мал-жандыктары кырылып жатат. Ал эми буга карата бийлик мал-жандыктар оорудан жана эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн кырылып жатат деп билдирген.