Атамбаевге коррупция боюнча айып тагылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» кабарлашкандай, сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын аныктаган. Ал 26-августка чейин камакта калат.

Анын жактоочусу Сергей Слесарёв 24.kgге маалымдагандай, Атамбаевге Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу ишинин негизинде коррупция боюнча айып тагылган.

«Айып негизсиз. Мен коргоп жаткан адамды күбө катары чакырып, бирок ошой бойдон суракка алышпай койсо ал кантип негиздүү болмок эле? Ага дароо эле шектөө жөнүндө билдирүү тапшырышты. Бул мурда эле даярдалган сценарий. Бул аракеттер мыйзамсыз, себеп дегенде Алмазбек Атамбаевде, экс-президент катары, кол тийбестиги бар», — деди Слесарёв.

«АКИпресстин» маалыматына ылайык, Атамбаев 26-аугустка чейин камакта калат.

Атамбаев 8-августта өз ыктыяры менен бийликтин колуна түшүп берип, күч кызматкерлеринин коштоосунда Кой-Таштагы үйүнөн кеткен. Спецназчылар суу аткыч колдонуу менен анын үйүн дагы бир жолу штурмга алышкан. Атамбаевдин үйүн штурмга алуу боюнча 7-августта башталган атайын операциянын биринчиси майнапсыз болуп калган.

8-август күнү кечинде Ала-Тоо аянтында жарым саат ичинде 1000 чукул адам чогулган. Алардын көпчүлүгү журналисттерге карата агрессивдүү маанайда болушкан. Милиция үн гранаталарын колдонуу менен аларды бир сааттан кийин кууп таркаткан. Кармалгандар тууралуу эч нерсе белгисиз.

Атамбаевдин тарапкерлеринин милиция менен кагылышы орун алган эки күн аралыгында 90дон ашуун адам жабыркап, бир спецназчы каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаев УКМКга сурак берүүгө жеткирилди. 8-августка карата негизги окуялар